Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги
8-сессиясы
2025-жылдын 23-июну, № 8/1
Манас айыл аймагынын ВЛКСМ айылында жайгашкан №38 контурундагы 0,03 га жер аянтына, эски чайкананын ордуна милициянын айылдык бөлүмчөсүн курууга жана Алим-Төбө айылында жайгашкан №82 контурундагы 0,015 га милициянын айылдык бөлүмчөсүн куруу үчүн Манас айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик укугун алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас айыл аймагынын ВЛКСМ айылында жайгашкан №38 контурундагы 0,03 га жер аянтына, эски чайкананын ордуна милициянын айылдык бөлүмчөсүн курууга жана Алим-Төбө айылында жайгашкан №82 контурундагы 0,015 га милициянын айылдык бөлүмчөсүн куруу үчүн Манас айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик укугун алууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
3.Аталган токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы Манас айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |