Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (мындан ары - УИА) - табигый, техникалык, медициналык, айыл чарба, коомдук жана гуманитардык илимдердин негизги багыттары боюнча жүргүзүлүүчү фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү улантууну, уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуучу, УИАнын илимий-изилдөө институттарын, УИАнын мүчөлөрүн, УИАнын илимий жана башка кызматкерлерин бириктирген мамлекеттик жогорку илимий мекеме.
2. УИА өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Илим жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
3. УИАнын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. УИА өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.
4. УИА юридикалык жак статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
5. УИАнын мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери бар жана белгиленген тартипте жаңы эсептерди ачууга укуктуу.
6. УИАнын аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы";
- расмий тилде: "Национальная академия наук Кыргызской Республики при Президенте Кыргызской Республики".
7. Юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265а.
2-глава. УИАнын максаттары, принциптери, багыттары жана ишинин предмети
8. УИАнын ишинин максаты болуп илимий прогресс жана улантуучулук принциптерине негизделген фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо саналат.
9. УИА өзүнүн ишинде төмөнкүдөй принциптерди жетекчиликке алат:
1) илимий автономия, илимий изилдөөлөрдүн темаларын, методдорун жана формаларын тандоодо көз карансыздык;
2) илимий фактылардын жана текшерилген маалыматтардын объективдүүлүгү жана ишенимдүүлүгү, артыкчылыгы;
3) илимий иш жөнүндө маалыматтын ачыктыгы, айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү;
4) мамлекеттин динамикалык өнүгүүсүндө илимий жетишкендиктердин натыйжалуулугу, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын практика жүзүндө өлкөнүн кызыкчылыгында колдонуу багыты;
5) академиялык этика, кесиптик жүрүм-турум ченемдерин сактоо, чынчылдык жана автордук укуктарды урматтоо;
6) илимий мектептердин ишин улантуучулук жана туруктуу өнүгүү, илимий салттарды сактоо жана өнүктүрүү;
7) илимди жана билим берүүнү өндүрүшкө интеграциялоо, академиялык, билим берүү жана өндүрүш чөйрөлөрүнүн өз ара катыштыгы;
8) коомдун жана мамлекеттин алдында жоопкерчилик, илимдин социалдык маанилүүлүгүн таануу жана анын жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик.
10. УИАнын илимий иши саясий же идеологиялык негиздер боюнча чектелиши же реформаланышы мүмкүн эмес.
11. УИАнын ишинин багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) илим чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) илимий-техникалык прогресстин, Кыргыз Республикасынын динамикалык экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүнүн негизи катары фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү;
3) өлкөнү социалдык-экономикалык жана саясий өнүктүрүүгө, анын илимий-техникалык потенциалынын өсүшүнө, маданиятты, билим берүүнү, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө, укуктук мамлекетти түзүүгө, элдердин ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоого өбөлгө түзүүчү фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү багыттарды координациялоо;
4) социалдык-экономикалык, илимий-техникалык, инновациялык, саясий-укуктук жана маданий чөйрөдө республиканы өнүктүрүүнүн азыркы көйгөйлөрүн изилдөө;
5) илимий иштелмелерди жана жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
6) өлкөнү социалдык-экономикалык, илимий жана илимий-техникалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын болжолдоо жана илимий коштоо.
12. УИАнын ишинин предмети болуп фундаменталдык жана колдонмо илимдер, илимий-техникалык саясат чөйрөсүндөгү илимий, илимий-техникалык, инновациялык, аналитикалык, эксперттик, билим берүү жана координациялык ишти жүзөгө ашыруу, илимий кадрларды даярдоо, инновацияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында мамлекеттик программаларды илимий коштоо жана ченемдик укуктук жөнгө салуу саналат.