Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 72
Таштанды таштоочу жайды куруу үчүн, жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Айыл аймагында санитардык-гигиеналык абалды жакшыртуу максатында Ана-Кызыл айылында таштанды таштоочу жай куруу үчүн Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн адиси Б. Убукеевдин сунушун карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Таштанды таштоочу жай куруу үчүн Ана-Кызыл айылындагы № 1077 контурдан 9 га жайыт, № 1056 контурдан 1,0 га жайыт, жалпысынан 10 га жайыт жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Суралсын Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |