Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 74
Кальта айылына ичүүчү таза суу кампасын курууга жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кальта айылын ичүүчү таза суу менен камсыздоо үчүн, суу кампа курууга жер тилкесин которуу (трансформациялоо) жөнүндө, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн адиси Б. Убукеевдин сунушун карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ичүүчү таза суу кампасын курууга Кальта айылындагы № 158 контурдан 0,50 га жайыт, № 103 контурдан 0,50 га кайрак айдоо, жалпысынан 1,0 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Суралсын Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |