Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 75
Макаренко айылындагы жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Макаренко айылындагы 2,13 га жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу үчүн, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2025-жылдын 16-октябрындагы № 01-5/2709 катына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн адиси Б. Убукеевдин сунуш катын карап, талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Макаренко айылындагы № 299 контурундагы калктуу конуштун 2,13 га жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Суралсын Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Өзгөн филиалынан, Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |