Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 16-майы № 37
Асанакунова Гулнара Каналовнага “Ардактуу атуул”
наамын ыйгаруу жөнүндө
Асанакунова Гулнара Каналовнага Семетей айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун сунуштамасын айылдык кеңеш угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала-Саруу айылынын тургуну, Асанакунова Гулнара Каналовнанын Манас райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна караштуу Бала-Саруу фельдшердик-акушердик пунктунда көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйларылсын.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбекова “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |