Загрузка документа…
КАРА-КОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кол шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы
2025-жылдын 28-ноябрьдагы №72/11-9
«Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-жылдагы IV сессиясынын № 12/4-7
сандуу токтому менен бекитилген “ Кара-Көл шаардык кеңешинин ардактуу
атуулу жөнүндө “ жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Ч.А.Кимсановдун Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-жылдагы IV сессиясынын № 12/4-7 сандуу токтому менен бекитилген “ Кара-Көл шаардык кеңешинин ардактуу атуулу жөнүндө “ жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин жана шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-жылдагы IV сессиясынын № 12/ 4-7 сандуу
токтому менен бекитилген “Кара-Көл шаардык кеңешинин ардактуу атуулу жөнүндө “
жобонун төмөндөгү бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизилсин:
- II бөлүмүнүн 7 бөлүгүндөгү “ эки” деген сөздү “ бир” деген сөз менен
алмаштырылсын;
- II бөлүмүнүн 12 бөлүгүнүн 8 -бөлүкчөсүндөгү “ мамлекеттик” деген сөз алып
салынсын;
- V бөлүмүнүн 5 бөлүгүндөгү “ 10” деген цифра “ 100” деген цифрага
алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык кеңешине, ал эми
көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук
маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери
боюнча туруктуу комиссиясына ( Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага Кимсанов Ч.А