Редакцияот 28.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Кара-Кол шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы

 

  2025-жылдын  28-ноябрьдагы №73/11-9

 

«Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен бөлүнүүчү

үлүш каражаттарын бекитүү жөнүндө»

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн

17-бөлүкчөсүн, 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсүн, 45-беренесинин 1-бөлүгүнүн

4-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэриясынын дем берүүчү

(үлүштүк) грант аркылуу 2026-жылга даярдалган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен

бөлүнүүчү үлүш каражаттарды бекитип берүү боюнча кайрылуусун, шаардык кеңештин

бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу

комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин

9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги ХI сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Дем берүүчү (үлүштүк) грант аркылуу 2026-жылы ишке ашырылуучу долбоорлор

тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)

2.Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан 2026-жылга даярдалган дем берүүчү

(үлүштүк) гранттардын долбоорлоруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен үлүштүк

каражаттар 2026-жылга шаардык бюджеттен 12120,33 миң сомго макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Орозбаев Н.О.), Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына

(Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана

финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Мамытканова Т.А.)

жүктөлсүн.

        Төрага Кимсанов Ч.А