Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 токтомуна)
Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш (мындан ары -Координациялык кеңеш) илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын милдеттерин ийгиликтүү аткарууга багытталган илимий изилдөөлөрдү макулдашуу процесстерин жана иретке келтирүү тартибин жөнгө салуу максатында түзүлгөн коллегиялуу илимий эксперттик орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңештин иши улантуучулукту камсыз кылууга, интеграцияны өнүктүрүү, инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле илимпоздор менен өндүрүштүн ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылган башкаруу системасы аркылуу жетишилген натыйжалуулукту жогорулатуу жана инновацияларды түзүү үчүн теориялык изилдөөлөр (жаңы билимдерди алууга багытталган) менен практикалык изилдөөлөрдүн (конкреттүү маселелерди чечүүгө багытталган) ортосундагы байланышты күчөтүүгө багытталган.
3. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Илим жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Координациялык кеңештин ишин уюштурууну жана техникалык жактан камсыз кылууну катчылык - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (мындан ары - УИА) борбордук аппаратынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү жүзөгө ашырат.
2-глава. Координациялык кеңештин ишинин принциптери жана максаты
5. Фундаменталдык жана колдонмо илимдерди координациялоону жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында илимий жана (же) илимий-техникалык иштин артыкчылыктуулугу;
2) илимий жана (же) илимий-техникалык иштин субъекттеринин ачыктыгы, объективдүүлүгү жана тең укуктуулугу;
3) илимий, илимий-техникалык долбоорлордун жана программалардын экспертизасынын объективдүүлүгү жана көз карандысыздыгы;
4) билим берүүнүн, илимдин жана практиканын биримдиги жана өз ара байланышы;
5) улантуучулук жана илимий прогресс.
6. Фундаменталдык жана колдонмо илимдерди координациялоо төмөнкүдөй максаттарды көздөйт:
1) социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөтүүчү илимди өнүктүрүү үчүн негизги багыттарды аныктоо менен илимий артыкчылыктарды макулдашуу;
2) инновацияларды стимулдаштыруу - теориялык ачылыштардан практикалык иштеп чыгууларга жана технологияларга өтүүнү колдоо;
3) финансылык, кадрдык жана материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга алып келүүчү ресурстарды оптималдаштыруу;
4) келечекте жаңы колдонмо иштеп чыгуулар үчүн негиз болуп кызмат кылуучу фундаменталдык илимдин өнүгүшүн камсыз кылуу.
3-глава. Координациялык кеңештин милдеттери жана функциялары
7. Координациялык кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык векторун түзүү;
2) фундаменталдык жана колдонмо илимдердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
3) илимди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен каржылоонун көлөмүн аныктоо, бөлүштүрүү жана экономиканын артыкчылыктуу секторлорунда технологияларды коммерциялаштырууну стимулдаштыруу боюнча сунуштамаларды даярдоо;
4) фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндө мамлекеттик программалардын максаттуу багыттарын баалоо;
5) Кыргыз Республикасынын Президентине берилүүчү илим боюнча улуттук баяндаманын түзүмүн жана концептуалдык алкактарын түзүү;
6) илим чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
8. Координациялык кеңеш төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) фундаменталдык жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү боюнча ишти координациялоону камсыз кылуу;
2) ар кандай илимий багыттар үчүн биргелешкен узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү пландарды аныктоо;
3) ар кандай изилдөө топторунун жана ведомстволорунун ишин координациялоого, ошондой эле илимий-техникалык ишке бизнести тартууга мүмкүндүк берген башкаруу механизмдерин түзүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президентине берилүүчү илим боюнча улуттук баяндаманын түзүмүн жана концептуалдык жоболорун аныктоо;
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын жана башка уюмдардын жетекчилерине илимди өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштамаларды киргизүү.