Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын
кезектеги сессиясы
2025-жылдын 29-октябры № 77
Прогресс айылында жайгашкан жалпы аянты 1710 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Өзгөн райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 17-октябрындагы № 11-2226-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү талабын карап, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,8 -беренесине, ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Прогресс айылында жайгашкан жалпы аянты 1710 чарчы метр жер тилкеси Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктарын каттатуу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. Тажибаев |