Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 23-июну № 7/1
Өзгөн шаарынын Жаңы Өзгөн кварталындагы 1058,0 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 26-майындагы № 01-6/514 сандуу катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 4-июнундагы №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Жаңы Өзгөн кварталына караштуу № 23 кварталынын 1058,0 м2 жер тилкеси Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына мыйзам чегинде жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча чечим кабыл алуу Өзгөн шаардык мэриясына, иш кагаздарын жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |