Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
4-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 26-майы № 46
Анатай Өмуркановго “Ардактуу атуул”
наамын ыйгаруу жөнүндө
Анатай Өмуркановго Семетей айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун сунуштамасын айылдык кеңеш угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы Манас орденинин ээси, Анатай Өмуркановдун үзүрлүү көп жылдык эмгегин жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбекова “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |