СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
4-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 26-майы № 47
Семетей айылынын таза суусу жөнүндө
Манас районундагы Семетей айылынын таза суусуна Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан каралган акча каражаты жөнүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун сунуштамасын айылдык кеңеш угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан каралган 25 000 000 (жыйырма беш миллион) акча каражаты Манас районундагы Семетей айылынын таза суусуна каралууга макулдук берилсин.
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |