Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-августу № 51
Автотранспорт каражаты жөнүндө
Мамлекеттик лизинг компаниясынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/212 сандуу катынын негизинде, Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун лизингке “Шевроле Треккер” маркасындагы автотранспорт каражатын сатып алуу сунушун айылдык кеңеш угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтү бүгүнкү күндө дотациялык камсыздоодо тургандыктан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633 тескемесини 3-пунктунун негизинде айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнө лизингдик төлөмдөрдү аткаруу үчүн зарыл акча каражаты Кыргы Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |