Редакцияот 15.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын

6-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 15-августу № 54

 

«Жер аянттарын батирге алмашуу жөнүндө»

Семетей айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-августундагы №01-11/649 номерлүү кайрылуусунда көрсөтүлгөн, Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылынын Улизко көчөсүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде:

1. 6-03-04-1001-3170 коду менен катталган 3000 кв.м жер аянты көз карандысыз баалоочунун баасы 1 328 900 сом (бир миллион үч жүз жыйырма сегиз мин тогуз жүз сом) деп көрсөтүлгөн.

2. 6-03-04-1001-3174 коду менен катталган 3000 кв.м жер,көз карандысыз баалоочунун баасы 1329 100 сом (бир миллион үч жүз жыйырма тогуз мин бир жүз сом) деп көрсөтүлгөн.

3. 6-03-04-1001-3175 коду менен катталган 2000 кв.м жер көз карандысыз баалоочунун баасы 886000 сом (сегиз жүз сексен алты мин сом) деп көрсөтүлгөн.

Жалпысынан 8000,0 кв.м болгон үч бөлүктөн турган жер аянтын “Азия Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомуна көп кабаттуу үй курууга берип, ордуна батир алуу боюнча кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылынын Улизко көчөсүндөгү  6-03-04-1001-3170 коду менен катталган 3000 кв.м, 6-03-04-1001-3174 коду менен катталган 3000 кв.м жер, 6-03-04-1001-3175 коду менен катталган 2000 кв.м жер жалпысынан 8000,0кв.м болгон үч бөлүктөн турган жер аянтын “Азия Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомуна алмашуу жолу менен көп кабаттуу үй курууга өткөрүлүп, ордуна эки даана бир бөлмөлүү батирлерге алмашууга макулдук берилсин.

2. Жогорудагы жер аянтына алмашылган батирлердин ар бири 45,0 м.квадраттан кем болбоосу шарт.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов