Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезектеги
8-сессиясы
2025-жылдын 23-июну, № 8/3
Манас айыл аймагына караштуу №5214 Зарбдар шайлоо участкасынан жана №5215 Нариман шайлоо участкаларынан бөлүү жолу менен Нариман-2 шайлоо участкасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы, Нариман жана Зарбдар айылдарында 2025-жылдын 20-июнунда болуп өткөн элдик жыйынынын протоколунун негизинде, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири ой пикирлерден кийин Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл аймагынын Нариман айылына Нариман-2 шайлоо участогун ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун документтерин даярдоо жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук жана коомдук тартипти сактоо, аксакалдар соту, өзгөчө кырдаал, коомдук уюмдар, регламент, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |