Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз
7-сессиясы
2025-жылдын 27-майы, № 7/1
Манас айыл аймагындагы “Авиа+” ЖЧКсыны тиешелүү 4,40 га сугат айдоо жерлерин,учактарды тейлөө үчүн ангар куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга сунуштоо жөнүндө.
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 27-майындагы №02/1605 сандуу каты, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-майындагы №01-18/973 сандуу каты жана 2025-жылдын 27-майындагы №117 жана №117/1 сандуу билдирүүсү, жер боюнча туруктуу комитетинин 2025-жылдын 21-майындагы отурумунун протоколу, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири ой пикирлер менен жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын 3-пунктунун негизинде Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл аймагына караштуу Зарбдар айылында жайгашкан “Авиа+” ЖЧКсына тиешелүү сугат айдоо жерлерин, учактарды тейлөө үчүн ангар куруу максатында, №143 контурундагы жалпы аянты 4,40 га сугат айдоо жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүүнү сунуштайбыз.
2. Бул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энершетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |