Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңештин I чакырылышынын кезексиз
7-сессиясы
2025-жылдын 27-майы, № 7/2
Нариман айылындагы “Буожан-Ата” МЧББУна кошумча 6 тайпа жана штаттык бирдиктерди берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-майындагы №01-18/979 сандуу каты Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири ой пикирлерден кийин Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл аймагына караштуу, Нариман айылында “Буожан-Ата” МЧББУна кошумча 6 тайпа ачууга макулдук берилсин.2. Нариман айылындагы “Буожан-Ата” МЧББУна штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жана Манас айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайымдын орун басары |
| Л.Нишанова |