Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
6-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-августу № 57
Айдаров Расул Ибраимович жөнүндө
Айдаров Расул Ибраимовичге Семетей айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун сунуштамасын айылдык кеңеш угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылган айылынын кулуну, Айдаров Расул Ибраимовичдин үзүрлүү көп жылдык эмгегин жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Семетей айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйларылсын.
2. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |