Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 15-сессиясы
2026-жылдын 15-январы №45
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 13-январындагы Курбан-Кара айылындагы мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө №01-13/35 каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин, Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 13-январындагы №01-13/35, Кара-Суу райондук мамлекекттик администрациясынын 2026-жылдын 12-январындагы №02/2 каттарынын, Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 15-январындагы кезексиз XV отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин негизинде Савай айыл аймагындагы Курбан-Кара айылындагы мамлекеттик мүлк идентификациялоо коду №5-04-14-1004-0490 болгон жалпы аянты 8039,5 м.кв. устакана жайгашкан жер тилкесин Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл аймагындагы Курбан-Кара айылындагы мамлекеттик мүлк идентификациялоо коду №5-04-14-1004-0490 болгон жалпы аянты 8039,5 м.кв. устакана жайгашкан жер тилкесин Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |