Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 15-сессиясы
2026-жылдын 15-январы №46
Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-декабрындагы “Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, эскилиги жеткен Савай айылындагы кампа, Кызыл-Шарк айылындагы жайкы клуб, Курбан-Кара айылындагы эски мектептин имараттарын буздуруп жаңы социалдык обьекттерди куруу маселесин карап берүү боюнча” № 01-13/3138 каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-декабрындагы №01-13/3138 катынын, Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 15-январындагы кезексиз XV отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 26-декабрындагы “КР Курулуш Архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долборлоо мамлекеттик институутунун түштүк филиалынын берген корутундуларынын негизинде Савай айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган, эскилиги жеткен Савай айылындагы кампа, Кызыл-Шарк айылындагы жайкы клуб, Курбан-Кара айылындагы эски мектептин имаратын буздуруп жаңы социалдык обьекттерди куруу боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Савай айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган, эскилиги жеткен Савай айылындагы кампа, Кызыл-Шарк айылындагы жайкы клуб, Курбан-Кара айылындагы эски мектептин имараттарын буздуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |