Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 16-сессиясы
2026-жылдын 30-январы №47
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарган иштери жана айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттардын кезектүү отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгү 38670,2 миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү грант 5264,0 миң сом, атайын каражаттар 7560,0 миң сом, аткарылышы 7708,0 миң сомду түзүп, Савай айыл өкмөтүнүн аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жалпысы 49923,7 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджет 35317,2 миң сом, теңдештирүүчү грант 2276,5 миң сом, атайын каражаттар 12330,0 миң сом же № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Савай айыл өкмөтүнүн, айылдык округунун кеңешинин штаттык ырааттамалары № 2,3,4,5, бюджеттин чыгаша бөлүгү №6 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4.Башкаруу аппаратынын кызматкерлердин, контракттык негизде кабыл алынган адистердин, айыл башчылардын айлык акылары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” ПЖ№266 Жарлыгынын, тейлөө кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» №433, 381 токтомдорунун негизинде төлөнүп берилсин.
5.Айыл аймагындагы мекеме ишканалар, атайын эсеп каражаттарына түшкөн акчаны аймактык казына бөлүмү аркылуу жүргүзүлсүн, өз алдынча кассадан чыгымдалышына жол берилбесин.
6.Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7.Атайын каражаттардын калдыгы 148,1 миң сом өлчөмүндө толугу менен айыл өкмөтүнүн каржылоосуна калаары аныкталсын.
8. Айыл өкмөтүнүн башчысына төмөндөгүлөр жүктөлсүн :
-2026-жылга бекитилген бюджет боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу .
- 2026-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн ашыкча аткарылышынан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңеш менен макулдашылган тартипте жүргүзүлсүн.
9. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
10.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |