Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 16-сессиясы
2026-жылдын 30-январы №48
“Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын тарифтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттардын кезектүү XVI сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын тарифтери боюнча бюджеттик туруктуу комиссиянын отурумунун сунушу кабыл алынсын:
а). Ичүүчү таза суу Кыдырша, Савай, Ынтымак:
- Ар бир үйдөн ичкендиги 200 сом
- Көчөдөн ичкендер үчүн – 100 сом
- Суу счетчик аркылуу суу пайдалангандар үчүн 13 үчүн 40 сом;
Савай МИ Ар бир үйдөн – 150 сом
- Көчөдөн ичкен суу үчүн -100 сом
Кен-Сай айылы боюнча ичүүчү таза суу киргизилбеген көчөлөргө төлөм төлөнбөйт.
Калган суу ичүүчү абоненттерге төлөм үйдөн -150 сом, көчөдөн 100 сом.
б). Сугат суу үчүн тариф 1 сотых жерге 18 сом,
в). Жайыт акы:
- Мал, жылкы 300 сом
- Торпок, кулун -200 сом
- Кой, эчки - 100 сом
г). Акыр-чикирлерди алуу боюнча тарифтер :
-Ар бир кожолуктан 150 сом;
- айыл аймагындагы коммерциялык ишканалардан таштандыларды алуу келишимдин негизинде 1 кв.м 10 сомдон алуу.
- Савай айыл аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, коруктагы ардагерлери жана I-топтогу майыптар 100 пайыз (жүз),ал эми II,III- топтогу майыптар, баатыр энелер, Ооган, Баткен согушунун ардагерлери, Чернобыль апаатынын катышуучуларына 50 пайыз (элүү) таштанды чыгарууга алуу үчүн төлөмдөргө жеңилдиктер берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө “Биримдик Савай” муниципалдык ишканасынын тариф саясатын жүргүзүү иштерине көзөмөлдөө, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.у.а. |
| Жанибек уулу Аваз |