Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 03-февралы №50
Савай айыл аймагынын Кен-Сай айылындагы М.Абдиев көчөсүнө газ түтүктөрүн тартуу иштерин жүргүзүү боюнча долбоорду колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII шайланган) депутаттарынын 2025-жылдын 30-январындагы кезектүү, 2026-жылдын 3-февралындагы кезексиз отурумдарынын протоколдорунун негизинде Савай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айыл өкмөтүн 2026-жылдын кабыл алган иш-чаралардын негизинде Кен-Сай айылындагы М.Абдиев көчөсүнө жалпы долбоордун суммасы 2167,3 миң сом болгон газ түтүктөрүн тартуу иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1167,3 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө бөлүнгөн калдык каражатты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин жана пайдаланбай калган каражат үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а. |
| Жанибек уулу Аваз |