Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
7-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 4-сентябры № 62
Иштөө убактысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633-тапшырмасын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй-бүлөлүк майрамдарды жана аза салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын камсыздоо максатында, Семетей айылдык кеңеш такуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагында жайгашкан бардык салтанаттуу иш-чараларды аяктоо менен бирге ресторандардын, банкет залдарынын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу жайлардын иши саат 22:00дөн кечиктирбестен токтотулсун.
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |