Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
8-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 23-сентябры № 64
Бала-Саруу айылына бала-бакча куруу жөнүндө
Семетей айыл аймагына караштуу Бала-Саруу айылына, Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан бала-бакча куруу жөнүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун 2025-жылдын 22-сентябрындагы №01-11/728 сандуу кайрылуусун айылдык кеңеш угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Бала-Саруу айылына, Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан бала-бакча курууга макулдук берилсин.
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |