Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
8-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 23-сентябры № 66
Муниципалдык ишкана жөнүндө
Муниципалдык ишкананын типтүү уставы жана ЖОБОсуна ылайык, ЖПБ, таза суу, тазалык, жашылдандыруу, жайыт, СПАнын ж.б. калкка кызмат көрсөтүү тартибин жөнгө салуу максатында, ошондой эле, көчөлөрдү жарыктандырууга аларды оңдоп түзөп, сырдоого жана айыл ичиндеги жолдорго трубаларды орнотуп, иш алып барууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш угуп, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей муниципалдык ишканага иш алып баруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 469 170 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |