Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
8-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 23-сентябры № 67
Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше
салыгын кыскартуу жөнүндө
Манас райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин биринчи орун басары Р.Джеенбековдун 2025-жылдын 15-сентябрындагы №01-18/2686 сандуу жана Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловдун 2025-жылдын 22-сентябрындагы №01-10/622 сандуу кайрылуусун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-айындагы киреше салыгы 27419,7 миң сомго бекитилген, иш жүзүндө түшүүчү сумма 26282,9 миң сомду түзүүдө. 2025-жылдын 9-айында ашыкчы бекитилген киреше салыгы түшпөгөндүгүнө байланыштуу киреше бөлүгүнөн 1136,8 миң сомго кыскартылып, чыгаша бөлүгүнөн төмөндөгү бөлүмдөрүнөн 1136,8 миң сомго кыскартылсын.
70862-Културадан | 3111-беренесинен | – 400,0 миң сом, |
|
|
|
70911-Бала-бакча | 2218-беренесинин | – 591,6 миң сом, |
|
|
|
70921-Мектептен | 3112-беренесинин | – 145,2 миң сом, |
|
|
|
Жалпы суммасы: |
| 1136,8 миң сом |
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |