Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
9-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 71
Арал айылынын спорт залы жөнүндө
Семетей айыл аймагына караштуу Арал айылынын спорт залына капиталдык ремонт жасоо үчүн дем берүүчү грантка проект жазып, өздүк салым керектиги жөнүндө өкмөт башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагына караштуу Арал айлынын спорт залына капиталдык ремот жасоо үчүн өздүк салым катары 2026-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 728 773 (жети жүз жыйырма сегиз миң жети жүз жетимиш үч) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.А.Элебесовго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |