Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
9-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 74
Автобекет жөнүндө
Семетей айылынын К.Жаманкулов көчөсүндө жайгашкан Семетей автобекетине капиталдык ремонт жасоо үчүн дем берүүчү грантка проект жазып, өздүк салым керектиги жөнүндө өкмөт башчысы К.Рыскуловдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айылынын К.Жаманкулов көчөсүндө жайгашкан Семетей автобекетине капиталдык ремот жасоо үчүн өздүк салым катары 2026-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 584 040 (эки миллион беш жүз сексен төрт миң кырк) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.А.Элебесовго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |