Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын
кезектеги 8 -сессиясы
2025-жылдын 29-майы № 29-29
Беккари чуңкуру жөнүндө
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Алмалы кыштоосунда жайгашкан таштанды таштоочу жайга Беккари чункурун курууга уруксат берүү маселесин депутаттар талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагында үй жаныбарларынан жугуучу ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, Алмалы кыштоосунда жайгашкан таштанды таштоочу жайга арналган №5 контурдагы жер тилкесинен 0,30 га жер аянтына Беккари чуңкурун курууга уруксат берилсин.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Барпыбековго Беккари чуңкурун курууга байланышкан документтерди бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Усеновго милдеттендирилсин
Төрага |
| М. И. Уметалиев |