Редакцияот 16.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын

кезектеги сессиясы

 

2025-жылдын 16-июлу № 29-32

 

Ички иштер бөлүмүнө жер бөлүп берүү жөнүндө

       Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылынан милициянын аймактык бөлүмчөсүн курууга жер тилкесин бөлүп берүу жөнүндө айылдык кенештин депутаттары талкууга салып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч -Коргон айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын О.Төрөгелдиев көчөсүндө системалык 6-03-05-1001-0822 коду менен өткөн муниципалдык менчиктеги 0,10 сотых жерди Манас райондук милициясынын аймактык бөлүмчөсүн курууга жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2. Тийштүү кагаздарын бүткөрүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Т.Райымбаев милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Усеновго милдеттендирилсин

Төрага

 

М. И. Уметалиев