Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 29-34
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17- июлундагы № 238 тескемесин аткаруу, ”Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- июлундагы № 633-т тескемесин аткаруу максатында Үч- Коргон айылдык кенеши талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтү “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу автотранспорт алууга жергиликтүү бюджеттин акча каражаты тартыштыгын байланыштуу лизингди төлөө мүмкүнчүлүгу жок экендигин эске алынсын
2. Республикалык бюджеттин эсебинен Үч-Коргон айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу автотранспорт алууга мыйзамдуу жол жобосу каралсын.
3. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Барпыбековго милдеттендирилсин.
4. Бюджет, экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Айтбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. И. Уметалиев |