Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №59/10-9
«Электр станциялар” ААКтын филиалы Токтогул ГЭС каскадына караштуукоммуналдык ишканалар комбинатын Кара-Көл шаарынын мэриясына кабыл алуу жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин “Электр станциялар” ААКтын филиалы Токтогул ГЭС каскадына караштуу коммуналдык ишканалар комбинатын Кара-Көл шаарынын мэриясына кабыл алууга тиешелүү токтом чыгарып берүү жөнүндө
кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай,
коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, ошондой эле бюджет,экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6- беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Электр станциялар” ААКтын филиалы Токтогул ГЭС каскадына караштуу
коммуналдык ишканалар комбинатын Кара-Көл шаарынын мэриясына кабыл алууга
макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык белгиленген тартипте жана шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлгөн
убактылуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен бул токтомдон келип чыккан зарылчараларды көрсүн.
3. Кара-Көл шаарынын мэриясы (Н.О.Орозбаев) “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалы Токтогул ГЭС каскады менен биргеликте 2026-2030-жылдарга коммуналдык ишканалар комбинатынын жылдык чыгымдарын эсептеп чыгып, ушул жылдар ичиндеги жылдык инфляцияны эске алуу менен жылына толук көлөмдөгү
субсидияны республикалык бюджетке киргизип, каражат бөлдүрүү иштерин жүргүзсүн.
( корутунду тиркелет)
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Кимсанов Ч.А. |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.10.2025-жылдагы кезектеги Х сессиясынын No 59/10-9 токтомуна тиркеме
|
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12 -августундагы No 52/8-9 сандуу токтому менен “Электр станциялар” ААКтын филиалы Токтогул
ГЭС каскадына караштуу коммуналдык ишканалар комбинатын Кара-Көл шаарынын мэриясына кабыл алуу боюнча коммуналдык ишканалар комбинатына тиешелүү кабыл алынуучу объектилердин абалы менен
таанышуу жана иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу жумушчу
комиссиянын
Убактылуу жумушчу комиссия Кара-Көл шаардык Кеңешинин 12-август 2025- жылдагы № 52/8-9 сандуу токтомундагы тапшырмаларды аткарып төмөндөгүдөй жыйынтыкка келди.
Коммуналдык ишканалар комбинатындагы көйгөйлүү тармактар:
1. Суу менен камсыздоо
а) №1 скважина - эки 35 метр тереңдиктен таза суу чыгарган насостон турат, бир насосу Токтогул ГЭС тен алынып келген насос, ал эми 1 дренаждык насосу 1971-жылы, вакуумдук насосу 1971-жылы чыгарылган насостор.
б) №2 скважина - суу чыгаруучу эки насостон, 1 дренаждык,1-вакуумдук насостордон турат, бардык насостор эски.
в) №3 скважина - суу чыгаруучу эки насостон турат, бирөө 1971-жылы чыгарылган, экинчиси 2021-жылы коюлган дренаждык, вакуумдук насостору эски.
г) №4 скважина - бош турат. насостору жок.
д) №5 скважина - суу чыгаруучу эки насостон турат. 2011-жылы коюлган америкалык насостун валы ийрилип калып иштебей турат. Экинчи насосу эски, дренаждык , вакуумдук насостору эски.
е) №6 скважина - бир суу чыгаруучу насосу 2023-жылы орнотулган, экинчи суу чыгаруучу насосу ремонтто. Вакуумдук, дренаждык насостору иштейт.
ж) №7 скважина. Бир суу чыгаруучу насос керектелген (бывшем употреблении)насос, экинчи суу чыгаруучу насос ремонт жасаганга болбойт. Вакуумный,дренажный насостору эски.
з) № 8 скважина, Биринчи суу чыгаруучу насос Кытай Эл Республикасынан чыгарылган 9 млн сомдук насос, обратный клапаны жок болгондуктан иштебей турат,экинчи суу чыгаруучу насос эски, вакуумдук, дренаждык насостору бирөө жаңы, бирөө эски.
Борбордук от казандарга суу жиберүүчү скважинанын суу түтүктөрү эскиргендиктен 5 атмомфералык басымга гана чыдайт,эгерде 5 атмофералык басымдан басымды жогорулатса ,суу түтүктөрү жарылып кетет.
Хлорлоочу цехте 4 насос турат. 2 насос - туздоочу цехте, 2 насос- дозатордук цехте. Техникалык акыбалы өтө начар. Жаңы насосторго алмаштыруу зарыл.
Контакттуу коллектордун суу керектөөчүлөргө жиберүүчү 1 метр диаметрден ашык суу түтүктөрү чирип кеткен. Ал суу түтүктөрүнүн 50 метр узундуктагы түтүк 5 миллион сом болуп, салмагы 12 тоннага жетет .
2. ФНС- канализация
1. ФНС ДСРдин 2 насосу 1971 жылы чыгарылган насостор. Калдыктарды чогултуучу жай өтө начар абалда. Кара-Суу дарыясынан Ак-Шаар көчөсүн сугат суу менен камсыздоочу насостук станциянын насосу 1965-жылы чыгарылган насос.
2. КНС Достукта 4 насос турат. 2 насос жаңы, 2 насос 1965 жылы чыгарылган насостор.
1. ФНС Поймада 2 насос турат. 1 насос жаңы, 1 насос эски.
2. ФНС 13тө 1950-жылы чыгарылган эбегейсиз чоң бир насос, дагы эки чоң насос турат. Кара-Көл шаарынан чогултулган саркынды сууларды залалсыздандырып, Сухой- Сай жактагы ачык асман алдындагы сайга айдап салат. Ал жерден таштарды аралап олтуруп Нарын дарыясына куюлат.
Мындай саркынды сууларды ачык жерге айдап салуу Кара-Көл шаары жаңы курулуп башталганда убактылуу пайдаланууга берилген. Кара-Көл шаары кеңейип,жашоочулар көп боло баштаганда, Кара-Суу дарыясынын түндүк тарабына атайын саркынды сууларды тазалоочу эбегейсиз зор ишкана курула баштаган. Бирок ал курулуш токтоп калып, азыркы убакта ал курулуш толук жараксыз болуп калган.
Кара-Көл шаарындагы магистралдык таза суу түтүктөрүнүн жалпы узундагу 44,0 км болуп, диаметри 100-273 мм, керектөчүлөрдүн үйлөрүнүн ичиндеги суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 22,175 км болуп, диаметри 50-100 мм ден турат. Жалпы узундугу 66,175 км түзгөн таза суу түтүктөрүнүн дээрлик баардыгы алмашылууга жатат.
Ал эми канализациялык диаметри 273 мм түзгөн суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 4,9 км түзөт. Дээрлик бардыгы реконструкцияга муктаж.
Сантехникалык канализациялык кудуктардын Кара-Көл боюнча жалпы саны 2114. Диаметри 100-200-500 мм болгон коллектордук суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 54 км, диаметри 200-500 мм болгон борбордук суу түтүктөрүнүн узундугу 15 км, диаметри 100- 200 мм болгон ички короолордогу суу түтүктөрүнүн узундугу 39 км түзөт. Дээрлик бардыгы жаңыланууга муктаж.
1. Техникалык парк боюнча
1. Коммуналдык ишканалар комбинатынын балансында турган техникалары (атайын багыттагы автомашиналар, тракторлор, механизмдер) дээрлик 90% амортизациялык мөөнөттөрү 30-40 жыл болуп калгандыгын белгилейт. Ал эми техникалар токтой турган жер ачык асман алдында. Ремонттук цехинде ремонт жасоого керектүү шаймандар дээрлик жок. (токардык,фрезердик станоктор, көтөрүүчү шаймандар ж.б.) Бардык техникалар жаңыланууга муктаж.
2. Коммуналдык ишканалар коминатынын шаардын ички санитардык канализациясын тейлөөчү участокто керектүү техникалары жетиштүү жана азыркы убакытка заманбап экендигин белгилейт. Бирок ички 44 километрден турган канализациялык түтүкчөлөр, 2114 кудуктар, люктар 90% алмашылууга, реконструкцияга, толуктоого муктаж.
Кара-Көл шаардык Кеңешинин убактылуу жумушчу комиссиясы Кара-Көл шаардык Кеңешин сессиясына төмөндөгүлөрдү сунуштайт:
1. Токтогул ГЭСтери каскадынын балансында турган Коммуналдык ишканалар комбинатынын таза суу менен камсыздоо, саркынды сууларды тейлөө ишканаларынын насостору, суу түтүктөрү, суу кудуктары, санитардык станцияларынын имараттары, жабдыктары толук алмаштырылууга муктаж экендиги жана транспорттук техникалык каражаттары эскилиги эске алынсын жана аларга кетүүчү чыгымдардын өлчөмү субсидиянын суммасына кошумча киргизилгенден кийин кабыл алууну баштоо.
2. Мамлекеттик бюджеттен каралуучу субсидиянын көлөмү Токтогул ГЭСтери каскадынын балансындагы Коммуналдык ишканалар комбинатына бир жылда керектелүүчү чыгым 300 000,0 миң (үч жүз миллион) сомдун тегерегинде болуп, ал эми субсидия мөөнөтү 5 жыл болуусу зарыл.
3. 2025-жылдын 19-августуна карата “Электрстанциялар” ААК филиалы болгон Токтогул ГЭС каскадынын карамагындагы Коммуналдык ишканалар комбинатында эмгектенген штаттык тизмедеги инженердик, техникалык, атайын кесиптеги жумушчу болуп эмгектенишкен жалпы саны 260 (эки жүз алтымыш) кызматкерлердин эмгек акыларынын, социалдык пакеттеринин толук сакталган деңгээлде калтырууга жетишүү.
Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы | Токтосунов Ш.А. |
|
|
Убактылуу комиссиянын катчысы | Уметова Н.А. |
|
|
Жооптуу катчы | Нурматова К.И. |