Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 23-июну № 7/2
Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрын аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамына ылайык Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 01-21/655, Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 01-06/560 каттарынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы №7 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрын аталышы өзгөртүлүп Шамшиев Болотбек Төлөнөвичдин наамы ыйгарылсын.
2. Мыйзамга ылайык ушул токтомдун негизинде келип чыгуучу иш аракеттерди жасоо Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |