Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 23-июну № 7/3
Өзгөн шаары жана Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтү менен жер маселелерин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы №7 отурумунун протоколунун, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 20-июнундагы №01-21/703 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын аймагын кеңейтүү максатында Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагынан Өзгөн шаарынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн берилген 129,28 га Өзгөн шаарына мөөнөтсүз пайдаланууга кабыл алынсын жана мурунку АйылТехСервистин аймагындагы 7,8 га жер аянттары Өзгөн районунун Дөн-Булак айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
2. Токтомго ылайык келип чыгуучу иш-чараларды жүргүзүү жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |