Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 23-июну № 7/4
Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы “Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 17/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актылары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Өзгөн райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 15-апрелиндеги №11-778-25 каршылык билдирүү катынын, Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 20-июнундагы №7 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы “Өзгөн шаарында катуу таштандыларды ташып чыгаруу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” № 17/5 токтомунун 1-пунктундагы төмөндөгү:
- тарифин деген сөздөн кийин “адамдын” деген сөз менен толукталсын,
- “мамлекеттик, муниципалдык мекемелер” деген сөздөр өз күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |