Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/1
Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндө мэрдин отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 23-июлундагы биргелешкен отурумунун №4 чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаардык мэриясынын аппаратына тапшырылсын жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |