Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/2
Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын эске алып Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндөгү комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Комиссиянын сунушунун негизинде аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбановго милдеттендирилсин.
3. Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 300,0 миң сом акча каражатын каржылоо, Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жалпы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча атайын иш-чара иштеп чыгуу жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевке тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |