Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №60/10-9
«IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын чакыруу жөнүндө»
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 Жарлыгын, 2024-жылдын 21- декабрында Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобого, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1 протоколуна ылайык Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын
жергиликтүү коомдоштугунун жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрына чакырылсын.
Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын өткөрүү убактысы
саат 10-00, өтүүчү жайы шаардык мэриянын жыйындар залы деп белгиленсин.
2. Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын
катышуучуларынын жалпы саны 100 деп бекитилсин.
3. Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана
өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын катышуучуларын
шайлоо боюнча Кара-Көл шаарын жана анын аймактарын бөлүктөргө бөлүү
ченемдери 2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына катышуучуларды
шайлоо боюнча жарандардын жыйындарын, чогулуштарын өткөрүү графиги жана
жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучулардын саны 3- тиркемеге
ылайык бекитилсин.
6. Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын өткөрүүгө жооптуу
шаардык кеңештин депутаттарынын жана жумушчу топтун мүчөлөрүнүн тизмеси 4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңешке (Ч.А.Кимсанов),
шаардык мэрияга ( Н.О.Орозбаев ), көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат,
регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен
иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А.Токтосунов)
жүктөлсүн.
Төрага | Кимсанов Ч.А. |
| 1 -тиркеме Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.10.2025-жылдагы кезектеги Х сессиясынын № 60/10-9 токтому менен бекитилди
|
Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы
1. Кимсанов Чынгыз Алманбетович - Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы,
жумушчу топтун төрагасы;
2. Б.Д.Токтобаев - Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары,
жумушчу топтун төрагасынын орун басары;
3. Нурматова Кыйматкан Исмаиловна- Кара-Көл шаардык кеңешинин жооптуу
катчысы, жумушчу топтун катчысы;
4. Ажибаева Айжамал Шаршенбаевна - Кара-Көл шаардык мэриянын башкы адиси ;
5. Таштанкулова Кузоркан Асилбековна- Кара-Көл шаардык мэриянын
муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адиси;
6. Ниязалиев Советбек Жолдошович- Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык
менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
7. Макушев Майрамбек Жумашевич- Кара- Көл шаардык кеңешинин депутаты ;
8. Султаналиева Сайха Карыпбаевна-Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты;
9. Ныязалиев Арзымат Нурманбетович- Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты.
Жооптуу катчы |
Нурматова К.И..
|
| 2- тиркеме Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.10. 2025-жылдагы кезектеги Х сессиясынын №60/10-9 токтому менен бекитилди |
Кара-Көл шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча Кара-Көл шаарын жана анын аймактарын бөлүктөргө бөлүү ченемдери
1-аймак (Энергетик)- Серый, Бакешов, Энергетиктер, Исанов, Боконбаев, Жээн-Кыштоо,
Ы.Курманалиев , Хуриев , Умралин көчөлөрү;
2-аймак (Байгалмак)- Ленин, К.Турусбеков, Масиров, Панфилов, Ажыматов, Чаргынов,
Нуржанова, Акынай, Каипов, Мамытов , Чоң-Таш, Чубак ажы Жалилов көчөлөрү,
Сабиров көчөсүнүн 1-20, 21,25,27,33, 37,39,41,43, 45, 47, 60, 64,74,76, 90 үйлөрү;
3-аймак (Шамалык) –Сабиров 22 ден баштап калганы ( Бишкек-Ош трассасынын оң жана
сол жээгиндеги үйлөр) , Сабиров Зв 1-2, Токтогул, Рахимов, Ак-Таш, Төрөкулов,
Кайыңды, Кара-Көл көчөлөрү;
4-аймак (Бекташ)- Бекташ, Ак-Шар-1,2, Төш-Мазар, Кулданбаев, Ак-Кыя-1,2, Канат
көчөлөрү
5-аймак (Кетмен-Төбө)- Кетмен-Төбө айылы
6-аймак (Жазы-Кечүү) –Жазы-Кечүү айылы
Жооптуу катчы |
Нурматова К.И..
|
| 3- тиркеме Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.10.2025-жылдагы кезектеги Х сессиясынын №60/10-9 токтому менен бекитилди |