Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/3
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 23-июлундагы биргелешкен отурумунун №4 чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы киреше бөлүгү 92765,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү 63620,9 миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелер планына 12038,4 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 3038,4 миң сом бюджеттик кирешелерге, 4000,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы жана 5000,0 миң сом демөөрчүлөрдөн келип түшкөндүгү эске алынсын.
3. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо жана көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге тапшырылсын.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |