Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/4
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 23-июлундагы биргелешкен отурумунун № 4 чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелердин планына 12038,4 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 3038,4 миң сом бюджеттик кирешелерге, 4000,0 миң сом атайын каражаттарга жана 5000,0 миң сом дөмөөрчүнүн эсебинен кошулгандыгы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 6 айындагы бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен 12038,4 миң сом акча каражатын төмөндөгү аткарылуучу иштерди каржылого макулдук берилсин:
- Шаар ичиндеги жолдорду ункур-чункурларын ондоого - 1500,0 миң сом,
- С.Шарипов эстелигин орнотууга - 600,0 миң сом,
- Лоток сатып алууга - 438,4 миң сом,
- Шагыл сатып алууга - 210,0 миң сом,
- Ар кандай жумуштарды аткарууга - 290,0 миң сом,
- Бала бакчалардын атайын каражаттарына 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына - 4000,0 миң сом, ал эми экинчи жарым жылдыгына - 5000,0 миң сом,
- З.М.Бабур атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан спорт залдын курулуш иштерине - 1904,5 миң сом,
- К.Датка атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине - 3095,5 миң сом.
3. Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата бекитилген титулдук тизмесиндеги 16, 17 пунктундагы Борбор жана Жаныбек казы кварталдарындагы балдар ойноочу аянтчаларга бөлүнгөн акча каражатынан - 200,0 миң сом кыскартырылып, Ак-Кеме балдар бакчасына кампа курууга - 200,0 миң сом кошумча акча каражатын каржылоого, Борбор жана Жаныбек казы кварталдарынын калган акчаларынын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү, Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |