Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 8/5
Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жаңы курулган милиция имаратынын алдандыга көчөгө асфальт төшөө, лоток орнотуу жана көрктөндүрүү үчүн акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-июлундагы отурумунун № 6 чечимин жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2025-жылдын 4-июлундагы №01-06/692 катын эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарындагы Борбор кварталына курулган милиция имаратынын алдандыга көчөгө асфальт төшөө, лоток орнотуу жана көрктөндүрүү үчүн 578,3 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
2. Алынган акча каражатын максаттуу, мыйзамдуу жана өз убагында пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Джалилов |