Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №60/10-9
«Кара-Көл шаарынын 2025-жылга шаардык бюджети жана 2026-2027- жылдарга болжолу жөнүндө шаардык кеңештин 14.03.2025-жылдагы №24/5- 9 сандуу токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын 2025-жылга шаардык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык кеңештин 14.03.2025-ж. №24/5-9 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун, мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгынын башчысы Т.М.Уметовдун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүү-маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9- чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин талабынын негизинде “Кара-Көл шаарынын 2025-жылга шаардык бюджети жана 2026-2027- жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык кеңештин 14.03.2025-ж. №24/5-9 сандуу токтому менен бекитилген Кара-Көл шаарынын 2025-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 204692,6 миң сомдук сумманын ордуна киреше салыгынын (“подоходный налог”) планын кошумча түшүүчү 28800,0 миң сомго көбөйтүү менен 233492,6 миң сомго балансташтырылып 1,2,3,4,5-тиркемелерге ылайык өзгөртүлүп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.08.2022-ж №433 сандуу токтомунун негизинде бекитилген ШММБнын жумушчу, айдоочу, кенже тейлөөчү кызматкерлеринин (кароолчу, пол жуучу) айлык акылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 08.07.2025-ж. №402 токтомунун негизинде жогорулагандыгына байланыштуу айлык акыга 1818,2 миң сом, соцфондго чегерүүгө 290,1 мин сом, жалпы 2108,3 миң сомдук каражатты каржылоого макулдук берилсин.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге кошумча үстөктөрдү кошуу жөнүндө” 2024-жылдын 05- сентябрындагы №187/39-8 сандуу токтому күчүндө экендиги эске алынсын.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгы (Осмонкулов Ж.Т.) Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планына тактоо (“уточнение”) киргизүү боюнча иш алып баруусу жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-бер. 4-п., 103-бер. 3-п. талабынын негизинде шаардык бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнө тактоо (“уточнение”) киргизүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-бер. 1,2,3-п.п. талаптарынын негизинде шаардык мэрияга (Орозбаев Н.О.), Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.) жана мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгына (Уметов Т.М.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери инвестиция боюнча комиссиясына (Мамытканова Т.А.) жүктөлсүн.
Төрага | Кимсанов Ч.А. |