Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №62/10-9
«Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан берилүүчү гранттарга долбоорду бекитүү жөнүндө»
Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондунан берилүүчү гранттарга долбоорду бекитүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондуна даярдалып жаткан “ Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн имаратында кырдаалдык борбор түзүү жана санариптик радио байланыш менен камсыздоо” долборуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен үлүштүк каржылоо каражаты 2025-жылдын шаардык бюджетинен 800, 0 миң ( сегиз жүз миң) сомго бекитилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 25.08.2025-жылдагы № 58/9-9 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына (Н.О.Орозбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А. Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага | Кимсанов Ч.А. |