Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №63/10-9
«2025-жылдын 8 айына карата шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыгы менен 17032,6 миң сомдук бош калган калдык, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө»
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө ылайык Кара-Көл шаардык кеңештин “Кара-Көл шаардык бюджеттин 2024-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө”, “Кара-Көл шаарынын 2025- жылга шаардык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө” 2025-жылдын 14- мартындагы №23/5-9, №24/5-9 токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык аткарууда 2025-жылдын 8 айына карата шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыгы менен бош калган калдык, үнөм каражаттар пайда болгондугуна байланыштуу үнөм каражаттарды башка багыттарга каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин билдирүүсүн, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаардык кеңештин 2025-жылдын 8 ай ичинде тиешелүү токтомдорун аткаруунун жыйынтыгы менен шаардык бюджетте бош калган калдык, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри Н.О.Орозбаевдин билдирүүсү, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык бюджетте 2025-жылдын 8 айына карата шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыгы менен 17032.6 миң сомдук бош калган калдык, үнөм каражаттарды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4- пунктунун талабынын негизинде 1тиркемеге ылайык мыйзам чегинде каржылануусу бекитилсин жана аталган каражаттар шаардык 2025-жылдын бюджетинде эске алынып, шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин бюджетине тиешелүү тактоо (“уточнение”) киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-беренесинин 1,3-пунктунун талабынын негизинде шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамыткановага) жүктөлсүн.
Төрага | Кимсанов Ч.А. |