Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №64/10-9
«Кара-Көл шаарын социалдык -экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 2025-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэринин отчету»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-бөлүкчөсүн жана 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 12-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 2025-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин отчетун жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын 2025-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө шаардын мэри Н.О.Орозбаевдин отчету эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык мэриянын 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы же “Өнүгүү бюджетинин” иш планынын реестриндеги бекитилген иш- чараларды 2025-жылдын 31-декабрына чейин толук бүтүрүү жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), ШММБна (Т.М.Доулдаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова), өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына
( Ж.С.Джуробаев ) жүктөлсүн.
Төрага
|
Кимсанов Ч.А.
|