Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын
кезексиз сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 29-43
Шаршеналиев Улан агайдын
турнири жөнүндө
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Чон-Капка айылында турнир өткөрүү боюнча Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары талкууга салып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Капка айыл тургуну маркум Шаршеналиев Улан агайдын турнирин өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн каражатынан 20000 (жыйырма миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Т.Жусупбекова акча каражатын бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Айтбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Абдувалиев |