Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №65/10-9
«Кара-Көл шаарынын 2025-2026-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2- бөлүгүнүн 17-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары М.А. Абдыкалыковдун жана “ Кара -Көл жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Ш.Шамурзаевдин, Кара-Көл РЭТ ишканасынын башчысы Н.Н.Кадыбаевдин, ММБнын башчысы Т.М.Доулдаевдин Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалыматтарын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги X сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Шаардын калкын жана экономика тармагын 2025-2026-жылга күз-кышкы мезгилге даярдоо жана аталган мезгилди ийгиликтүү өткөрүү максатында 2025-жылдын 30-июнунда шаардык мэриянын №311-б буйругу чыгарылып, штабдын мүчөлөрү жана жумушчу комиссиянын курамы бекитилген.
“Кара -Көл жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасынын курамында 6 (“Центральный”, “Тавашаров”, “ДСР”, “Бекташ”, “ Абыдрахман”, “Кетмен-Төбө”) откана кызмат көрсөтөт. Алардын жалпы кубаттуулугу 56 мВт жана Кетмен-Төбө көмүр откана жалпы кубаттуулугу 2,1 мВт, , тышкы жылуулук түйүндөрүнүн узундугу 48156 чакырымды түзөт жана жылдык пландын негизинде бардык электр отканаларды капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
№30 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315 чакырымынан тартып 427 чакырымдар аралыгындагы эскилиги жеткен 200 жол белгилери алмаштырылган.
№30 Жол тейлөө мекемеси тарабынан күз-кышка даярдык көрүү, кыш мезгилинде жол кырсыгын алдын алуу, Бишкек-Ош автожолундагы таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, ашууларды тейлөө иштерин аткаруу үчүн техникалар толугу менен оңдолуп, даярдоо иштери план боюнча жүргүзүлгөн. 2025-2026-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында 4000 тн кум топурак инерттик материал (ГПС) даярдалган.
Көк-Бел ашуусунда 200 тонна техникалык туз даяр, калган 1300 кышка керектелүүчү техникалык туз даярдалууда.
Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасы тарабынан калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бир топ иштер пландалган. Анын ичинен 6-10кВ чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдоо 70, 4 км болсо, -0,4кВ чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдоо 35 км. Пландар 100% га аткарылган.
ШММБнын карамагындагы социалдык объектилердин жылуулук түтүктөрү текшерилип, оңдоп-түзөө иштерин талап кылган жерлери оңдолуп, ремонт иштери жүргөн. Социалдык объектилер жалпысынан 2025-2026-жылдардын күз кыш мезгилине карата даяр.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Көл шаарынын 2025-2026-жылдарга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары М.А.Абдыкалыковдун, “ Кара -Көл жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Ш.Шамурзаевдин, Кара-Көл РЭТ ишканасынын башчысы Н.Н.Кадыбаевдин, ММБнын башчысы Т.М.Доулдаевдин маалыматтары, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасына (Н.Н.Кадыбаев) Кара-Көл шаарындагы эскилиги жеткен мамычаларды алмаштыруу боюнча РЭТ ишканасынын 2026- жылдын иш планына 150 даана жаңы мамыча киргизүү сунушталсын.
3. Кара-Көл райондук электр тармактар ишканасына ( Н.Н.Кадыбаев) Кара-Көл шаарына бөлүнгөн лимитти сактоо, Кара-Көл шаарынын калкын электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
4. “Кара-Көл жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканасына (Н.Ш.Шамурзаев) Кара-Көл шаарынын калкын жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш- чараларды жүргүзсүн.
5. №30 Жол тейлөө мекемеси 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаардын ички автожолундагы карларды, жолдордогу муздарды, таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум, туз чачуу иштерин аткарууда муниципалдык менчик башкармалыгына транспорт жагынан мыйзам чегинде көмөк көрсөтүү сунушталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( Н.О.Орозбаевге), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага
|
Кимсанов Ч.А.
|