КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы кезектеги Х сессиясы
2025-жылдын 9-октябрындагы №66/10-9
«ШММБнын штаттык бирдиктерин реформалоо- оптималдаштыруунун жыйынтыгында пайда болгон каражаттардын эсебинен 1 193,1 миң сом каражатты компенсациялык төлөмдөргө пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө»
ШММБнын штаттык бирдиктерин реформалоо-оптималдаштыруунун жыйынтыгында пайда болгон каражаттардын эсебинен 1193,1 миң сом каражатты компенсациялык төлөмдөргө пайдаланууга макулдук берүү жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча шаардык кеңештин токтомун чыгарып берүү жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары М.А.Абдыкалыковдун кайрылуусун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ШММБнын штаттык бирдиктерин реформалоо- оптималдаштыруунун жыйынтыгында пайда болгон каражаттардын эсебинен 1193,1 миң сом каражатты компенсациялык төлөмдөргө пайдаланууга макулдук берүү жана жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча шаардык кеңештин токтомун чыгарып берүү жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары М.А.Абдыкалыковдун кайрылуусу, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын кошумча маалыматы эске алынсын.
2. ШММБнын штаттык бирдиктерин реформалоо- оптималдаштыруунун жыйынтыгында пайда болгон каражаттардын эсебинен 1193,1 миң сом каражатты компенсациялык төлөмдөргө пайдаланууга макулдук берилсин жана аталган каражаттар 2025-жылдын шаардык бюджетинде эске алынып, ММБнын бюджетине тиешелүү тактоо (“уточнение”) киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Н.О.Орозбаев), ММБга (Т.М. Доулдаев), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |